Кардиология жана терапия борборуна жаңы директор дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен Талантбек Сооронбаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талантбек Сооронбев кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн жетектеп келген.

Сооронбаевге жетекчи дайындалганга чейин каржылык жана административдик документтерге кол коюу укугу менен борбордун директорунун милдеттери убактылуу жүктөлдү.

Буга чейин аталган борбордун директорунун милдетин Мамыраим Жумабаев аткарып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД