Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патент менен иштегендер), менчигине салык салынуучу кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 28-февралда аяктады.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД