Таласта унаанын планшетин уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Таласта унаанын планшетин уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 25-26-февраль күндөрү, Талас областынын аймагында "Издөө" аталышындагы рейди өткөрүлгөн.

Рейддин максаты издөөдө жүргөн кылмышкерлерди аныктап, кармоо. Иш чаранын мерчемине тергөөдөн, соттон качып жүргөн, айрыкча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жүргөн жерлерин тактап сот жообуна тартуу, кармоо тапшырмасы коюлган. Рейдке милициянын баардык кызматтарынан турган мобилдик топтор катышышты.

Эки күндүк иш чаранын алкагында дайынсыз жоголгон 2 жарандын жүргөн жери аныкталып, жакын туугандарына тапшырылган. Кылмыш иштерин жасап качып жүргөн 3 шектүү кармалган. Алардын бири 2020-жылдын декабрь айында Талас шаарынан унаа оңдоочу жайдан унааны диагностика жасаган планшеттик аппаратын уурдагандыгы боюнча издөөдө жүргөн. Ал 2001 –жылы туулган Талас шаарынын тургуну Н.А. уурдалган планшетти күрөөканага өткөрүп, иизин жашырып жүргөн жеринен Бишкек шаарынан кармалган. Учурда тергөө бөлүмүнө тапшырылып, жоопкерчиликке тартылууда.

Андан тышкары рейд учурунда алдамчылык, бейбаштык жана кылмыштарга байланышкан шектүүлөр кармалып, бир нече кылмыштын бети ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД