
Лейлекте "Профилактика" иш-чарасы жайынтыкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлек районунда эки күндүк "Профилактика" коддук аталыштагы иш-чарасы өткөрүлүп, Лейлек РИИБнин кызматкерлери 5топко бөлүнүп иш алып барды. Район аймагында жашаган тургундарга укук бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айыл арасында паспорттук режимдерди өткөрдү.
Паспорттук режимдин жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын үй-мүлкүнө, мал-жандыктарына сак болуусу эскертилди жана алардын баары текшерилип, элдерге профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
"Профилактика" коддук иш-чарасынын жыйынтыгында мурда катталган 1 уурулук кылмышынын бети ачылып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренесинин (коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү) негизинде 2 жаранга протоколдор толтурулуп, материал Лейлек райондук соттук кароого жиберилген. Ал эми 133-134-беренелер (ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин бузуу, каттоо мөөнөтүн бузуу) боюнча 7 жаранга протоколдор түзүлүп, анын ичинен төртөөсүнө эскертүүлөр берилип, үчөөнө айып пулдар салынды.