ЖАМКда "Бир адамдан - бир китеп" иш чарасы өткөрүлдү

Март айынын биринчи күнүндө Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 80 жылдыгына арналып, жоокерлер үчүн иштеп жаткан Борбордук китепкананы жаңы китептер менен толуктоо максатында "Бир адамдан - бир китеп" иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган долбоордун алкагында "Китепкөй кыргыз армиясы" деген ураан менен жүргүзүлүп келген иштер өз жемишин берип, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин Борбордук китепканасы жана бөлүктөрдөгү китепканалар жаңы китептер менен толукталган.

Аскер бөлүктө жоокерлер күжүрмөн кызмат аткаруу, саптык даярдыктан тышкары бош убактыларын китеп окууга арнашат, себеби жоокерлерди китеп окууга үйрөтүү боюнча пландуу иштер жүргүзүлүп турат. Аскер кызматына келгенден кийин, кыргыздын тарыхы, чыгаан инсандары, дүйнөлүк классика менен таанышып, китеп окууга кызыгуулары күч алган жоокерлердин саны көбөйүүдө. Китеп майрамын өткөрүүнүн башкы максаты ушуга байланыштуу.

Китеп майрамына: элибиздин маданиятын, интеллектуалдык өсүшүн жогорку деңгээлге көтөрүү максатында тынымсыз ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан "Улуу тоолор" басмаканасынын директору Кадыров Жумадин, "Бир адамдан-бир китеп" долбоорунун негиздөөчүлөрү жана активисттери Бакай Акылбеков Эрлан Смайыл уулу, жана Бишкек шаарындагы китеп борборунун жетекчилери жана республика боюнча өткөрүлгөн китеп окуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү катышты.

Бул иш чарада тарых, маданият, инсандын өсүшү, искусство, психология жана философия боюнча жаңы чыккан китептер менен таанышышты.

Кече ыр күүнүн коштоосунда болду. Ошондой эле китапкана фонду дагы 500 китепке толукталды. Бул акциянын жүрүшүнө шыктанган милициянын отскавкадагы подполковниги Холодова Татьяна Владимировна өздөк китепканасын белекке берди.

Инсандын маданий жана рухий жактан өнүгүүсүнө арналган иш чара кызыктуу өттү, уюштуруучулар мындан ары да улантууну максат кылышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД