
Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк Украинага үч миллиард доллар жардам берүүгө даяр.
Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк Украинага үч миллиард доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу аталган уюмдардын жетекчилигинин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка караганда, Украинага колдоо көрсөтүү программасы боюнча иштер уланып жатат. Ошентип, жакынкы айларга 3 миллиард долларлык пакет даярдалып жатат, ушул аптада алар 350 миллион доллардан кем эмес, андан кийин 200 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамды бекитишмекчи.