"Манас" эпосу комикс түрүндөгү сүрөттөр менен немис тилинде басылып чыкты

"Манас" эпосу немис тилинде комикс түрүндөгү сүрөттөрү менен басылып чыкты. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

"Манас" эпосу классикалык кыргыз адабиятынын эң көрүнүктүү эпосу, ошондой эле түрк элдеринин эң маанилүү чыгармаларынын бири.

"Кыргыз-немис дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында биз өзгөчө бир нерсе ойлоп таптык: немис тилиндеги "Манас" эпосу комикс түрүндөгү образдары менен! Биз жаңы эле басмадан чыккан биринчи барактарды колубузга кармап ырахат алдык! Жаңылыктарга көз салыңыз!" - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД