
1-марттан тарта COVID-19 шарттарында Кыргызстанга кирүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирди. Бул туралуу COVID-19га каршы Республикалык штаб билдирет.
Чек арадан унаа менен өтүүнү/конууну каттоодо
авиакомпания өкүлдөрүнө/КӨЖ кызматкерлерине акыркы 72 саатта жасалган SARS-СoV-2га ПЧР-изилдөөнүн терс жыйынтыгы же коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын күбөлөндүргөн документ (кагаз же санариптик түрдө) көрсөтүлөт.
Учакка отурууга коронавирус инфекциясынын клиникалык белгилери жок адамдарга уруксат берилет.
ПЧР-анализ же эмдөө тууралуу сертификат
- ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосундагы 12 жашка чейинки балдардан талап КЫЛЫНБАЙТ.
ПЧР-тесттин жарактуулук мөөнөтү учуу, авиакаттамдардын кечигүүсү/транзиттик жүрүүгө байланыштуу объективдүү себептер боюнча аяктагандан кийин КР жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар экспресс тесттен өтүүгө милдеттүү.