Кадамжайда ысырапкорчулукка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кадамжайда чоң масштабда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-март күнү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын залында район аймагындагы айыл аймагынын башчылары, мечиттин имамдары, аксакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кеңеши катышкан чоң жыйын болду. Жыйынга район акими К.Шакиров, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү милициянын полковниги Ө.Умаров, милициянын полковниги Б.Ашырбеков, Кадамжай РИИБнин начальниги милициянын майору К.Козубаевтер катышты.

Жыйында Кпрезидент С.Жапаровдун каада-салттардагы ысырапкерчиликтерди азайтуу багытында чыккан Жарлыгы жеткирилип, ар бир айыл аймактын жашоочуларына мындан ары түшүндүрүү иштери жүргүзүүлөрү белгиленди. Ошондой эле район аймагындагы жол кырсыктарын алдын алуу, жол белгилерин орнотуу боюнча талкуулар жүрдү. Кадамжай РИИБнин кызматкерлери экстремизм жана мыйзамсыз миграция багытында атайын видео тасмаларды даярдап, жыйындын катышуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдун коопсуздугун сактоо максатында көрсөтүлүп берилди. Район аймагындагы жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар боюнча кеңири маалыматтар берилип, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чаралар айтылып өттү.

Айыл аймактын башчылары, аялдар кеңештери көйгөй жараткан суроолорду беришип, милиция кызматкерлери тарабынан канааттандырарлык жоопторду алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД