Камеранын жанында номерин жашырып, эреже бузган айдоочуга айып пул салынды

"Коопсуз шаар" долбоорунан алкагында орнотулган видеокөзөмөлгө келген учурда мамлекеттик номурун атайын ылдый түшүрүп, бекитип, видео көзөмөлдөн өткөндөн кийин кайра жогору көтөрүп алган "Тойота Хайландер" үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган унаанын 1999-жылы туулган Н.И аттуу айдоочусуна мамлекеттик номурун каткандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар тууралуу кодексинин 182-берененин 4-бөлүмүнө ылайык, 10 000 сом, ал эми экинчи тилкеден бурулгандыгы үчүн 1000 сом айып салынды. Жалпысынын 11 000 сом айып салынып, айдоочуга мындай укук бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД