КТРК тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Буга чейин өткөн тармактык комитеттин жыйынында белгилүү болгондой, аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылы 5-майда Кыргызстан элине кайрылуусунда айткан маселени ишке ашыруу максатында даярдалган. Анда мамлекет башчы Коомдук телерадио берүү корпорациясын реформалоо зарылдыгы тууралуу айткан. Ошондой эле 2021-жылы 2-августа Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж.Бакашованын "КТРКны реформалоо жана аны Улуттук телерадио берүү корпорациясына айландыруу жөнүндөгү" мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү жөнүндө тапшырмасын аткаруу багытында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев толук расмий тилде көрсөткөн канал ачууну сунуштаса, депутат Дастан Бекешев каржыны үнөмдөө багытында мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалап, айрымдарын сатуу керектигине токтолду.

Өз кезегинде министр "5-канал" жана "Пирамида" телеканалдарын сатууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп: "Бирок мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ЖМКлар да болушу шарт", – деди.

Ал эми Нурланбек Шакиев мыйзамды колдоорун айтып: "Буга чейин коомдук деп аталганы менен атына жараша иштетилген жок. Андыктан мамлекеттин карамагына бир телеканал, бир гезит калтырып, калгандарын жана бардык облустук медиа борборлорду жоюу керек", – деп кошумчалады.

Андан тышкары депутат Фарходбек Алимжанов каналдын макамы өзгөртүлсө, кызматкерлердин маянасы канчага көбөйтүлөөрүнө кызыкты. КТРКнын Башкы директору Кайрат Иманалиев: "1000 сомго көбөйтүлөт", – деп жооп берди.

Депутат Мирлан Самыйкожо КТРКда 6 канал, 3 радио бар экенин белгилеп: "Бардыгы өз багытында жигердүү иш алып барып жатат. Андыктан, кызматкерлерди кыскартууга негиз жок. Мамлеттик баалуулуктарды, улуттук идеологияны жана бардык багыттагы жаңыланууларды чагылдырып келе жаткан каналдын ишин баалашыбыз керек", – деди.

Ошондой эле депутат Улан Примов: "Облустук телерадио берүү компанияларын жаңы түзүлө турган улуттук корпорацияга киргизүүнүн зарылчылыгы эмнеде?" – деген суроо узатты.

Өз кезегинде Кайрат Иманалиев: "Бирдиктүү редакциялык саясат жүргүзүлүп, облустук каналдар өз материалдарын республикалык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Биздин негизги максаттарыбыздын дагы бири кызматкерлеринин чыгармачылык потенциалын жогорулатуу", – деди.

Талкуу маалында коомду агартууга, маданий баалуулуктарды жайылтууга жана улуттук идеологияны калыптандырууга багытталган материалдарды даярдоо, маалыматтык бейтараптуулукту камсыздоо тууралуу сунуш-пикирлер айтылып, мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД