Евробиримдик Орусияга евро сатууга жана жеткирүүгө тыюу салды

Евробиримдик Орусияга евро банкнотторун сатууга, жеткирүүгө, которууга жана экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Евробиримдиктин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

"Европадагы банкнотторду Орусияга же Орусиянын аймагындагы жеке же юридикалык жактарга, уюмдарга же органдарга, анын ичинде Орусиянын өкмөтүнө жана Борбордук банкына сатууга, берүүгө, экспорттоого же Орусияда колдонууга тыюу салынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Тыюу Орусияга бара жаткан жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешеси жок. Бул ошондой эле эл аралык укукка ылайык иммунитетке ээ болгон Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдуктардын же эл аралык уюмдардын расмий максаттарын камтыйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Евробиримдик Орусиянын жети банкын SWIFTтен ажыратууну жактырган: ВТБ, Россия, Откритие, Новикомбанк, Промвязбанк, Совкомбанк жана VEB.RF.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД