БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинага басып киришин айыптады

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган резолюция кабыл алды.

БУУнун Башкы ассамблеясынын мүчөлөрү Москваны "дароо, толугу менен жана эч кандай шартсыз" Украинанын аймагынан чыгып кетүүгө чакырышты.

Резолюциянын кабыл алынышына 141 мамлекет добуш берсе, беш өлкө каршы добуш берди: Орусия, Беларусь, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея.

35 өлкө, анын ичинде Кыргызстан, Армения, Кытай, Конго, Мадагаскар, Монголия, Пакистан, Сенегал, Казакстан жана Тажикстан добуш беришкен жок.

Резолюцияда Башкы ассамблея Орусиянын агрессиясын катуу айыптаары жана Кремлден "Украинага каршы күч колдонууну токтотууну" талап кылганы белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД