Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык комитеттин төрагасы болуп шайланды

Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Жашыруун добуш берүүнүн жүрүшүндө анын талапкерлигине 76 депутат "макул", 2 депутат "каршы" добуш берди.

Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков КР Тышкы иштер министри, Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД