
Талас ОИИБнин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнүнүн 30 жылдык майрамы белгиленди. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өздүк курам саптык кароодон өткөрүлүп, текшерүүлөр жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, гимн менен коштолду.
Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис сөз сүйлөп, анда өлкөнүн мамлекеттик символдорун туура колдонуу, аларга тийиштүү татыктуу мамиле жасоо боюнча айтып өттү.
Басма сөз кызматы тарабынан Мамлекеттик туунун тарыхы, анын чечмелениши боюнча маалымат берилди.
ОИИБнин жетекчилик курамы өздүк курамды куттуктап, мунун баары кызматкерлерди патриоттук духта тарбиялоо жана өлкөнүн символдоруна сый-урмат көрсөтүү максатында экендигин белгилешти. Бул иш чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде ИИОдо буйруктар чыгып, мамлекеттик тууга болгон сый урмат мамилени ишке ашыруу максатында Талас облустук ички иштер органдарында кызматкерлер ар дүйшөмбү сайын тууга таазим кылып гимнди ырдоо менен аптанын жумушчу күнү башталат.