Ошто милициянын подполковниги опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 2-мартында Ош облусунун ИИБнын ички иликтөө кызматы менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын алып жатканжеринен Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Б.Т.А. кармалды.

Кармалган Б.Т.А. ишкерден анын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн опузалап пара талап кылгандыгынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД