
Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков Даниялык компания кайрадан иштешүү үчүн кат жолдоп, кечээки чечимдери үчүн кечирим сураганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
3-мартта бийчи Фейсбуктагы баракчасына Дания аны менен кызматташууга даяр экенин, түшүнбөстүк болгонун жазды. Дания тараптан келген катта "Силердин өлкөнү Орусиянын бир бөлүгү деп туура эмес түшүнүп алыптырбыз. Кечирим сурайбыз" деп жазылган.