
Баткен районунун жетекчилери айылдарды аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровтун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирүү максатында Баткен районунун жетекчилери милиция кызматкерлери менен биргеликте Апкан, Көк-Таш, Рават, Бөжөй, Кыштут, Сай айылдарына барып жергиликтүү элдер менен жолугушууларды уюштурууда.
Каада-салттарды карманууда, маркумду акыркы сапарга узатууда, салтанаттуу кечелерди уюштурууда ашыкча чыгымдар болуп элдин социалдык жана экономикалык жактан зыяндарга учуратууда. Ушул багытта мечиттин имам хатибтери дагы кеңири түшүнүктөрдү берүүдө. Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев коомдук тартипти сактоодо кылмыштуулуктун алдын алуу багытында өзүнүн ойлорун жеткирди.