
Милициянын кайгуул кызматкерлери токтоп турган унааны арты менен сүзүп, андан ары качып кеткен айдоочуну аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда унаа токтотуучу жайлардын биринен белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен артка айдап жатып, ак түстөгү токтоп турган авто унааны сүзүп, окуя болгон жерден кетип калгандыгы тууралуу видео тасма тараган.
Бул маалымат чыгаар замат Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери "Audi" үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусун таап, авто унааны убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотуп, айдоочусуна карата жол кырсыгын жаранткандыгы жана жол кырсыгын жаратып, андан ары качып кеткендиги үчүн тийиштүү протоколдор толтурулууда.