Кара-Сууда мыйзамсыз жер саткан деп жергиликтүү атка минерлер кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн юристи, Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты жана суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Нариман айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн юристи А.А., Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты П.З., жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Н.Р., кармалды.

Кармалган жарандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, мыйзамсыз документтештирүү жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууну уюштурушканы аныкталды.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД