
"Эмнегедир Мекенге кетүүнү каалап, жазылгандардын саны аз болууда". Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты.
"5-март күнү Львов шаарынан Польшанын чек арасына чейин бекер автобустар уюштурулуп жатат. Кетүүнү каалагандар +380507763494 номуруна жазып, катталыңыздар. Бул маалыматты ар тараптуу булактар жана жарандар катталган социалдык тармактардагы группаларга кабарлап жатабыз. Сиздер да максималдуу түрдө бөлүшүп койсоңуздар.
Бирок, эмнегедир Мекенге кетүүнү каалап, жазылгандардын саны аз болууда.
Жарандардын көбү Украинада болгон окуядан пайдаланышып, Европа өлкөлөрүндө калып калууну көздөп, өз алдынча чек арадан өтүп кетишүүдө. Айрым учурларда Элчилик менен байланышып, "ооба, аты-жөнүбүздү жөнөтөбүз" деп коюшуп байланышка чыкпай койгон учурлар да көп болууда.
Кыргызстанга кайтууну каалагандар Элчиликтин аракетине кайдыгер карабай жоопкерчиликтүү болууңуздарды өтүнөм", - деп жазган ал.