Милициянын кайгуул кызматында ишембилик өткөрүлдү

Милициянын кайгуул кызматында ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын имаратында башкармалыктын өздүк курамы тарабынан имараттын ичин жана тышкы айланасын жазга карата тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ишембиликке аппараттын кызматкерлеринен тартып нөөмөт бөлүмүнө чейинки баардык кызматкерлер тартылып, имараттын тегерегиндеги таштандылар алынып, арыктар тазаланып, эски куураган бактардын бутактары кесилип, баардык тарабы ирээтке келтирилди.

Мындай тазалап иретке келтирүү ишембиликтери мындан ары да уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД