Бишкектин мэри "Тазалык" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кечээ, 5-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен таанышуу сапарында болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык кызматтын кызматкерлери менен биргеликте материалдык-техникалык жактан жабдуу, кызматкерлер үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

"Борбор калаанын мэри кызматкерлердин алдына шаарды санитардык тазалоону күчөтүү, турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн өз убагында төлөм берүү боюнча шаардыктар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдетин койду. Жыйындын соңунда Эмилбек Абдыкадыров жамаатты Ак калпак күнү менен куттуктап, чың ден соолук, ийгиликтерди жана бакубат жашоо каалады", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД