Visa жана Mastercard Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотту

Эл аралык Visa жана Mastercard төлөм системалары жекшембиге караган түнү Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялашты.

Компаниялар Россия Федерациясындагы бардык операцияларды кыскарткандан кийин, орус банктары тарабынан чыгарылган карталар чет өлкөдө иштебейт. Ошондой эле чет элдик каржы институттары чыгарган карталар Орусияда иштебейт.

Visa жана Mastercard өз чечимдерин Орусиянын Украинадагы аскерий операциясы менен түшүндүрүштү.

"Биз Орусиянын Украинага негизсиз басып киришинен жана биз күбө болгон кабыл алынгыс окуялардан кийин мындай жолго барууга аргасыз болдук. Бул чечим Орусияда кызмат кылган биздин кесиптештерибизге, кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүзгө, соодагерлерибизге, карта ээлерине тийгизген таасири үчүн өкүнүчтүү", - деди Visa компаниясынын башкы директору Аль Келли.

"Чыр-чатактын болуп көрбөгөндөй мүнөзүн жана белгисиз экономикалык чөйрөнү эске алып, биз Орусиядагы кызматтарыбызды токтотуу чечимин кабыл алдык", - деп айтылат Mastercard билдирүүсүндө.

Компания орус рыногунан чыгуу чечимине өкүнүчүн билдирди.

"Бул чечим биз үчүн оңой болгон жок. Mastercard Орусияда 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Ал жакта биздин компанияны көптөгөн кызыкдар тараптар үчүн абдан маанилүү кылган 200гө жакын кесиптешибиз бар", - деди Mastercard.

Орусиянын эң чоң банкы Сбербанк бул чечимдин өлкө ичиндеги Visa жана Mastercard карталарынын иштешине эч кандай таасир этпей турганын түшүндүрдү. Карталар иштейт, алар менен Россиянын аймагында транзакцияларды жүргүзүү мүмкүн болот - накталай акча алуу, картанын номери боюнча которууларды жүргүзүү, оффлайн дүкөндөрүндө да, орус интернет дүкөндөрүндө да төлөө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД