
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн алты шаарына "Баатыр-шаар" наамы ыйгарылганын билдирди.
"Мен атайын наам берүүнү чечтим. Харьков, Чернигов, Мариуполь, Херсон, Гостомель, Вольноваха "баатыр-шаарларга айланат", - деди ал жекшемби күнү кечинде жарыяланган видео кайрылуусунда.
Мындан тышкары Зеленский бир катар жергиликтүү жетекчилерди ордендер менен сыйлады.