
Netflix стриминг кызматы Украинанын айланасындагы окуяларга байланыштуу Орусиянын аймагындагы ишин токтотту. Бул тууралуу жекшембиде Variety журналы компаниянын расмий өкүлүнүн билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
"Кырдаалды эске алып, биз Орусиядагы ишмердүүлүгүбүздү токтотуу чечимин кабыл алдык", - деди Netflix өкүлү. Ал тиешелүү чечим Украинадагы кырдаалдын курчушу фонунда кабыл алынганы менен түшүндүрдү.