
Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш балдарды таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 5-мартында Сокулук райондук ИИБне 1987-жылы туулган Г.В. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында 2011-жылы туулган Г.И. жана 2016-жылы туулган Г.Н. аттуу балдары Сокулук районунун Новопавловка айылындагы паркта ойноп жатып жоголуп кеткендигин кабарлаган.
Бул боюнча багыттаманын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, Бишкек шаарынын Панфилов паркынан жаш балдарды таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.
Өз кезегинде балдардын апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.