
Украинадагы кырдаал башталгандан берки 10 күндүн ичинде Украинадан чыккан качкындардын саны 1,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди билдирди.
Анын айтымында, "бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европада өтө тездик менен өнүгүп жаткан миграциялык кризис болууда".
Негизинен алар аялдар жана балдар. Жалпы мобилизация жарыялангандан улам 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге Украинанын аймагынан чыгууга тыюу салынган. Эркектердин көпчүлүгү аймактык коргонуу отряддарына жазылышкан.