
Кечээ, 6-мартта Украинадан Молдова – Румыния – Болгария каттамы аркылуу келе жаткан Кыргызстандын 45 жараны Түркиянын чек арасынан өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.
"Белгилей кетсек, 5-мартта Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин куратору М.Енков менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, ал кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча Болгариянын аймагы аркылуу Кыргызстандын жарандары үчүн "жашыл коридор" берилгенин билдирди", - деп жазган элчи.
Ал белгилегендей, бүгүн Молдовадан дагы 25 киши автобус менен Түркияга кетишет, ал жерден бардык жарандар мекенине андан ары баруу үчүн жол жүрүү документтерин ала алышат.