
Кыргызстанда бир жумада, тагыраагы 1нен 7-мартка чейин, коронавирустан 9 адам көз жумду. Алардын ичинен төртөө эмдөөдөн өтүшкөн эмес. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
COVID-19 лабораториялык негизде 4, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө (илдетке чалдыккандар менен байланышын эске алуу менен) – 5 аныкталган.
◾️Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй, Баткен облустарында коронавирустан каза болгондор бар.
Анын ичинде:
* Бишкек – 6
* Чүй облусу – 2
* Баткен облусу – 1.
◾️Өткөн аптада, 22-28-февраль аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 11 учур катталган.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 200 641 адам жугузган.
Каза болгону – 2966 адам.
Урматтуу кыргызстандыктар, эмдөөдөн өтүүнү суранабыз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздын ден соолугуна кам көрүңүздөр!