Бишкек - Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, "Сосновка" посту жабылды

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, саат 11:30дан тарта "Сосновка" посту унаалардын бардык түрү үчүн жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымында (Абла тилкеси) кар көчкү түшкөн. Кардын көлөмү такталууда. Учурда жол убактылуу жабык.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника жана куткаруучулар тартылган.

Кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД