ЖАКнын кызматкерлери кесиптеш айымдарын өзгөчө куттукташты

Эгерде күч түзүмдөрүнүн кайсынысы айымдарын 8-март майрамы менен өзгөчө куттуктады деген сынак Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн арасында өткөрүлсө, балким 1-орунду Адилет министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы ээлемек.

Ар бир кызматкерди таң эртеден тарта ЖАКнын Борбордук аппаратынын фойесинде аскер оркестрдин коштоосунда роза гүлдөрү менен тосуп алышты.

Ынтымактуу жамааттын бардык айымдарын ЖАКнын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиев кызуу куттуктады.

Андан соң өзгөчөлөнгөн кызматкерлер айымдар салтанаттуу түрдө сыйланышты. "Мыкты айым" медалы менен аскер майору Зарина Молдоева, улук лейтенант Зарема Бегалиева жана окуу борборунун башкы адиси Кундуз Жетигеновалар сыйланышты.

"Кайрат" медалы менен ички кызматтын капитандары Назира Алымова менен Айзада Орозбекова, и/к майору Нуркыз Атамкулова жана и/к подполковниги Айзада Молдокулова сыйланды. Дагы үч кызматкер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Андан соң концерт башталып, ырчылар, аккордеончулар, гитаристтер өз өнөрлөрүн тартуулашты. Популярдуу хиттердин дискотекасын уюштурган ди-джей бүт залды жарды!

Бирок айымдарды негизги сюрприз концерттин аягында күтүп турган. Эркектер 113 кызматкердин арасында чыныгы лотерея ойношту. Айта кетиш керек, байгелер абдан күчтүү болду: зергер дүкөнүнүн эки алтын сертификаты, гриль меши, күчтүү чаң соргуч жана популярдуу бренддин муздаткычы, фирмалык сыналгы жана көп функциялуу кир жуугуч машина, электр скутер жана акырында супер байге - скутер!

Бул белектер үчүн ЖАКнын жоомарт жигиттери 223 000 сомдон ашык акча чогултушкан.

Бактылуу 9 жеңүүчү өздөрүнүн кубанычын жашырышкан жок.

Бирок бул күнү кызматкерлердин бири да жагымдуу белектен куру калган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД