Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Айдарбеков Кемелованы жалпы жамаатына таанышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Кемелова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматын аркалаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД