АКШ Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар экенин тастыктады

АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар экенин жана АКШ алардын орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө түшүп калбашы үчүн иштеп жатканын ырастады. Мындай билдирүүнү ал Украинада химиялык курал барбы деген суроого жооп берип жатып, АКШ Конгрессинин Сенатынын тышкы иштер комитетинде угууда сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.

"Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар, чындыгында, биз азыр орус аскерлери аларды көзөмөлгө алууга аракет кылышы мүмкүн деп абдан тынчсызданып жатабыз. Андыктан биз украиндер менен иштешип жатабыз, эгер алар жакындап калса, бул изилдөө материалдарынын бири орус күчтөрүнүн колуна түшүп калбашы үчүн", - деген ал.

Анын айтымында, эгер Украинада биологиялык же химиялык куралга байланыштуу кандайдыр бир окуя болуп кетсе, бул үчүн жоопкерчиликти орус тарап алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД