Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында мыйзамсыз кыйылган карагайлар табылды

Ысык-Көлдө 2-мартта Каракол токой чарбасынын токойчулары тарабынан Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы менен биргеликте рейд жүргүзүлдү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын жашоочусу А.И. кампасында мыйзамсыз кыйылган жети даана карагай табылган.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД