Аламүдүндө үйгө кирип акча жана зер буюмдарды уурдаган жигит кармалды

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү кармалды. Бул туурлауу Ч ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 2-февралында Аламүдүн РИИБүнө 1985-жылы туулган Б.А. арыз менен кайрылып, 2-февраль күнү саат 13:00дөн 19:00гө чейинки убакыт аралыгында анын үйүнүн терезесин сындырып бирөөлөр киришип, 3800 долларын жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, тергөө

абагына камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД