
АКШ президенти Жо Байден Орусиянын мунай импортуна тыюу салынганын жарыялады. Бул орус президенти Владимир Путиндин Украинадагы согушу үчүн "чоң сокку" болорун белгиледи. 8-марттагы кайрылуусунда Байден "эркиндикти коргоонун баасы жогору" экенин америкалыктарга эскертти.
АКШ президенти бул тыюу салуу өз өлкөсүнө кыйыр түрдө кандайдыр бир сокку урса да, мындай кадамга барууга даяр экенин белгиледи. Анткени АКШнын орусиялык импортко тике көз карандылыгы аз.
Байден АКШга караганда Орусиядан келген чийки затка көбүрөөк көз каранды болгон Европа да ушундай чараларды көрүп жатканын белгиледи.