Салык кызматы отчет бербеген салык төлөөчүлөрдү сотко берүүдө

Мамлекеттик салык кызматы үч айдын аралыгында салык отчетун бербеген салык төлөөчүлөрдү издөө жана кыскартуу боюнча белгилүү бир иштерди жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын декабрында, 2022-жылдын январь-февралында салык органдары тарабынан салык отчетторун бербеген ишкер субъекттерди мажбурлап жоюу үчүн сотко 1 миң 471 доо арызы берилген. Алардын ичинен 783 юридикалык жак жана 688 жеке ишкер. Соттор тарабынан 284 иш каралды.

Азыркы учурда сотко өткөрүп берүү үчүн 5 миң 576 салык төлөөчүгө карата материалдар даярдалып жатат.

Мындан тышкары, Салык кызматы патенттин негизинде иш жүргүзгөн жана 3 жылдан ашык патент албаган 9381 жеке жактын каттоосун жокко чыгарды.

Мамлекеттик салык кызматы отчет бербеген же патент албаган субъекттерди кыскартуу боюнча ишти улантат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД