
Бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү" жана "Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуу маалында депутат Дастанбек Жумабеков АКШ долларынын куну өсүп, баалар жогорулап жатканын жүйө келтирип, бул жаатта кандай чаралар кабыл алынганына кызыкты.
Өз кезегинде Социалдык фонддун төрагасы Бактыяр Алиев быйылкы жылга кошумча 700 млн сом каралганын айтып: "Андан тышкары, азыркы болуп жаткан жагдайларга байланыштуу Министрлер кабинети да бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү караштырууда. Жылдагыдай эле 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөт", – деди.
Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев аз өлчөмдөгү пенсиянын көлөмүн жашоо минимумунун өлчөмүнө теңештирүү керектигин белгилесе, депутат Улугбек Ормонов 1-октябрга чейин күтүүнүн кереги жок экенине токтолуп: "Учурдагы шартты эске алып, ыкчам түрдө пенсиялардын көлөмүн көтөрүү керек", – деп кошумчалады.