
Бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү" жана "Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуу маалында депутат Дастанбек Жумабеков АКШ долларынын куну өсүп, баалар жогорулап жатканын жүйө келтирип, бул жаатта кандай чаралар кабыл алынганына кызыкты.
Өз кезегинде Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев быйылкы жылга кошумча 700 млн сом каралганын айтып: "Андан тышкары, азыркы болуп жаткан жагдайларга байланыштуу Министрлер кабинети да бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү караштырууда. Жылдагыдай эле 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөт", – деди.
Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев аз өлчөмдөгү пенсиянын көлөмүн жашоо минимумунун өлчөмүнө теңештирүү керектигин белгилесе, депутат Улугбек Ормонов 1-октябрга чейин күтүүнүн кереги жок экенине токтолуп: "Учурдагы шартты эске алып, ыкчам түрдө пенсиялардын көлөмүн көтөрүү керек", – деп кошумчалады.
Ошондой эле депутат Алишер Козуевдин "Өлкөдө канча пенсионер бар?" – деген суроосуна Социалдык фонддун төрагасы "713 миң жаран пенсия алат. Анын 49%ына жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпеген пенсия берилет", – деп жооп берди.
Мындан тышкары, депутат Динара Ашимова 2020-жылы Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна 198 млн сомдон ашуун каражат которулганын мисал кылып: "Алардын кандай пайдаланылганы көзөмөлдөнөбү?" – деген суроо узатты.
Бактияр Алиев Социалдык фонд каражатты чогултуп гана берерин айтып: "Бирок бизге отчет беришпейт", – деди.
"Андай болсо, Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна бөлүнгөн каражаттарды көзөмөлдөө багытында механизм иштеп чыгуу үчүн тиешелүү сунуштарды бериңиздер" – деди депутат.
Талкуу маалында Улуу Ата-Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине өзгөчө сый-урмат көрсөтүү маселеси да көтөрүлүп, депутат Равшан Сабиров быйыл ардагерлердин ар бирине 1 млн сомдон берүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.