
8-мартына караган түнү "Рулда" аталышындагы рейддин жүрүшүндө кайгуул кызматкерлери тарабынан 13 мас абалында унаа башкарган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы жылдары адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар көп катталып, кырсыктын кесепетинен көптөгөн жарандар ар кандай жаракаттарды алышкан. Буга айдоочулардын жол эрежесин бузуулары себеп болгон.
Буга байланыштуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан майрам күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, бир суткада 1239 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган.
Алардын ичинен:
- 13 айдоочу мас абалында;
- унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатуу - 4;
- айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын айдоо - 10;
-коопсуздук курун тагынбай айдаган айдоочулар-308;
- башка жол эрежесин бузуулар - 904;
71 унаа убактылуутоктотуучу айып короо жайына жайга киргизилди.
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы бардык айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.