
Эми прапорщик Сайха Какенова кызматтагы убакытты президенттик саат менен текшерет. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-мартты майрамдоого карата президент Садыр Жапаров жана биринчи айым коомубуздун түрдүү катмарындагы жана өлкөнүн бардык аймактарындагы аялдар менен жолугушту.
"Мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, кесиптеги ийгиликтерин белгилеп, атайын саат менен сыйланган 19 мыктынын арасында биздин кесиптешибиз Сайха Какенованын да бар экенин белгилей кетүү өзгөчө жагымдуу.
Сайха Ишенбаевна Тоң районундагы Кажы-Сайдан айылынан. 1993-жылы Ташкент шаарындагы Н.Крупская атындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, орто атайын билимге ээ болгон. Жаза аткаруу тармагында 2003-жылдан бери эмгектенип, 2013-жылы аскердик наам алгын.
Кызмат учурунда ал эң мыкты сапаттарын гана көрсөтүп, чоң иш тажрыйбасын, анын ичинде жаш муундарды тарбиялоо жана аскерге чакырылгандарды даярдоо боюнча иш-чараларды өткөрүп келет.
Ал кесиптештеринин арасында татыктуу урмат-сыйга ээ. Албетте, ак ниет кызматы учун жогорку сыйлыкка татыктуу.
Жалпы ЖАКнын жамаатынын жана жетекчилигинин атынан Какенова Сайханы 8-март майрамы жана өлкө жетекчисинин колунан алган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, ар дайым бийиктикте болушун тилектешпиз!", - деп айтылат маалыматта.