Баткенде милиция элге ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда

Баткенде милиция кызматкерлери элдерге ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылында Баткен РИИБнин милиция кызматкерлери менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматов жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирип, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Элдер менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, куру намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды. Ак-Татыр айылынын жергиликтүү тургундарынан берилген суроолоруна Ак-Татыр айылынын өкмөтү, мечиттин имам хатибтери жооп берди.

Жергиликтүү тургундар бул Жарыкты колдоорун билдиришип, "заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы" деп билдирип өтүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД