Лейлекте милиция элге ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө

Лейлекте ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент С.Жапаровдун маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчилике жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын Лейлек РИИБнин милиция кызматкерлери менен кошо жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, имам хатибтери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул ирет Раззаков шаар башкармалыгына караштуу Голбо айылындагы элдер менен жолугуп, Жарлыкты жеткирип, ашыкча ысырапкерчилик элди социалдык жана экономикалык жактан зыяндарга учураткан жагдайлар боюнча талкуулар болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД