Жашылдандыруу акциясы. Бишкектиктер эми өз алдынча бак өстүрө алышат

Борбор калаанын багбандары "Эко Деми" коомдук фонду менен биргеликте жашылдандыруу акциясын жарыялоодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акциянын максаты - жашыл мейкиндиктерди толуктоо жана борбордун экологиялык имиджин сактоо болуп саналат.

"Эми шаардыктар шаарда өз алдынча бак өстүрө алышат, буга "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жардам беришет. Акцияга катышууну каалагандар 0504 21 06 00, 0701 321 014 номерлерине же Ташкент көчөсү №17 дарегине кайрыла алат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД