Ак-Талаада милиция ысырапкерчилик боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Ак-Талаа РИИБү ысырапкерлчилик боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 24.02.2022-жылдагы "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча" Жарлыгы боюнча район аймагында айыл аймактарда казыят, дин кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери, өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдикте маркумду акыркы сапарга узатуу учурларында, маркумду эскерүү иш-чараларында, тойлорду, үлпөт тойлорду, ажылык жана башка тойлорду өткөрүлүшү боюнча учурда профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушуулар өткөрүлүп, ар кандай салтанат тойлорду, каада-салттарды, үрп-адаттарды тартипке келтирүү ашыкча чыгымдарга,ысырапкорчулукка барбоо боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл тургундары да түшүнүү менен кабыл алып, өз ойлорун билдирүүдө.

Ошондой эле Ак-Талаа районунун аймагында жайгашкан орто мектептерде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуп, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, ар кандай укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана диний экстремизм тууралуу кеңири маалымат берилип,суроо жооптор болуп, жол коопсуздугу жол эрежелери боюнча да түшүндүрмөлөр берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД