"Аэрофлот" компаниясы келерки жумадан аба каттамдарын аткара баштайт

Бүгүн, 10-мартта Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргызстанда аба каттамдарынын абалы боюнча кезексиз жыйын өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, пленардык жыйында депутат Адахан Мадумаров Орусияга авиабилеттин баасы 40 миң сомго чыкканын, ал эми жүк 200дү алып келүү 150 миң сомго жеткенин айтып, чукул чара көрүү керектигин айткан.

Тармактык комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков чынында оор кырдаал жаралганын белгилеп, комитеттин жыйынын өткөрдү. Талкууда транспорт жана коммункикациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев Орусия тарап менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирип, кийинки жумадан баштап орусиялык компаниялар аба каттамын жандандырарын билдирди. Азыркы учурда орусиялык компаниялар аба каттамдарын токтотуп, кыргызстандык "Эйр Манас" компаниясы гана рейс жасоодо.

Комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков мындай оор кырдаалда билеттин баасын кымбаттатпай, туруктуу кармоо боюнча авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө өтүнүч келтирди. "Авиатраффик" авиакомпаниясынын башкы директорунун орун басары Георгий Еременко доллар менен евронун курсуна жараша баалар өскөнүн айтууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД