
Чек арадагы окуяга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-март күнү Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Мазар-Башы жерлигинде райондук деңгээлдеги жолугушуу, Баткен районунун акими У. Жоробаев баш болгон делегация Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзоданын катышуусунда сүйлөшүү болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик кызматынын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы, Баткен районунун прокурору, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, 2022 Аскер бөлүгүнүн командири, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Баткен райондук филиалынын башчысы катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:
1. Чек ара наряддары окуя болгон жерликте эски, мурдакы тартипте кызмат өтөшөт.
2. Эки тарап түрдүү провокациялык аракеттерге алдырбоо максатында, элдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
3. Кошумча тартылган күчтөрдү кайра тартуу, күч түзүмдөрү белгиленген тартипте кызмат өтөөнү улантуу.
Эки тараптуу жолугушуудан кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жетектеген жумушчу топ элдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.