Министр: Токтайым Үмөталиева оорукананын жанындагы имаратты менчиктеп алган

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Токтайым Үмөталиева ээлеп турган имаратты бошотууга бара турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-мартта "Биринчи радионун" эфиринде айтты.

"Мен азыр угат го деп ойлоп жатам. Биз Үмөталиева эже менен байланыша албай жатабыз. Көп жылдардан бери 6-оорукананын жанындагы имаратты алып, компьютердик томография коюп алган. Мурун иштептир азыр иштебейт.

Ага буга чейин эскертилген, бирок болбой жатат. Ал жеке менчик кылып чыгарып алыптыр, тигилер ижара төлөсө эженики менчик экен. Мындай эле сүйлөшүп, түшүнүшөбүз деген ойдомун, сотсуз эле имаратты кайтарып алсак болот го деп жатабыз", - деп билдирди министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД