
Кылмышкерлерди кайра тарбиялоо үчүн күчтүү нерв керек! Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Окуу борборунда Жаза аткаруу тутумунун психологдору жана социалдык кызматкерлери үчүн 3 айлык атайын курс башталды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сабактардын темаларынын бири соттолгондор арасында психологиялык тейлөө жана тарбиялык иштерди жүргүзгөн кызматкерлердин кесиптик билими болуп саналат.
Курстун жүрүшүндө пенитенциардык системадагы психологиялык кызматтын жана социалдык иштин өзгөчөлүктөрү, пенитенциардык психологдун этика кодекси, психологиялык кызматтын негизги багыттары, психологиялык профилактика, психоконсультация, психодиагностика, психокоррекция, ошондой эле пенитенциардык чөйрөдөгү психологдордун ишинин негизги каражаттары жана ыкмалары каралат.
Катышуучуларга алардын ишин баалоо үчүн үй тапшырмалары да берилет.
Мындан тышкары ЖАКтын атайын мекемелеринин жетекчилерине ушул эле темада лекциялар окулат. Учурдагы долбоор ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан колдоого алынганын кошумчалайбыз.